Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

БУУнун Баш катчысын шайлоо Коопсуздук кеңешинде колго салынат


БУУнун Коопсуздук кеңеши.
БУУнун Коопсуздук кеңеши.

Бүгүн БУУнун Коопсуздук кеңешинде жаңы Баш катчыны шайлоонун 6-айлампасы өтмөкчү. Андан кийин буга чейинки лидер Португалиянын мурдагы премьер-министри Антонио Гутеррестин бул кызматка шайланып- шайланбасы белгилүү болуп калмакчы. Бирок кеңештин туруктуу 5 мүчөсү тигил же бул талапкерге вето кое алышат.

Маселен, Орусия бул ирет Чыгыш Европанын өкүлү, аял-саясатчы шайланууга тийиш деп келатат. Өткөн жумада Болгария талапкерин алмаштырып, Европа комиссиясынын мүчөсү Кристалина Георгиеваны сунуш кылган. Азыркы Баш катчы Пан Ги Мундун экинчи 5 жылдык мөөнөтү жыл соңунда аяктоодо.

XS
SM
MD
LG