Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Москва Сирия боюнча резолюция долбоорун кароого даяр


Сирия
Сирия

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сирия боюнча Франция сунуш кылган резолюциянын үстүнөн иштөөгө даярдыгын билдирди.

Бул тууралуу министр Москвада француз тышкы мекемесинин жетекчиси Жан-Марк Эро менен сүйлөшүүдөн кийин айтты. Эро 7-октябрда Вашингтондо АКШнын расмий адамдары менен кездешмекчи.

Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине сунушталып жаткан резолюция долбоору 19-сентябрда үзгүлтүккө учураган ок атышпоо келишимин калыбына келтирүүнү көздөйт. Лавров Москва БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманы Стаффан де Мистуранын демилгеси менен таанышып жатканын да кошумчалады.

Бүгүн Мистура Орусия менен Сирияны Алеппону кыйратпоого үндөгөн. Дипломат сириялык өкмөттүк күчтөр Орусиянын колдоосу менен чабуулдарын уланта берсе, шаардын козголоңчулардын колундагы бөлүгү эки ай ичинде жер менен жексен болуу коркунучуна кептелгенин, дагы миңдеген жайкын жашоочулардын каны төгүлөрүн эскерткен. Стефан де Мистура аба соккулары токтосо, Алепподогу 900дөй согушкерди өзү коштоп чыгарып кетерин айткан.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG