Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:24

Казакстанга Кыргызстан менен чек арасында фитосанитардык көзөмөлдү алуу сунушталды


Кыргыз -казак чегиндеги Ак жол бекети.
Кыргыз -казак чегиндеги Ак жол бекети.

Мындай сунуш Евразия Экономикалык комиссиясынын чечиминде көргөзүлгөн.

Казакстандын премьер-министринин сайтында жарыялаган маалыматка караганда, чечим Евразия экономикалык биримдигинин Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы чек арасында товарлардын эркин өтүшүн камсыздоону көздөйт.

Комиссиянын маалыматы боюнча Казактан чек арада карантиндик жана фитосанитардык көзөмөлдү азыркыга чейин улантууда. Кыргызстан болсо Казакстан менен чек арасында мындай көзөмөлдү бир тараптуу түрдө эле алып салган.

Евразия экономикалык союзунун ичинде да фитосанитардык көзөмөл Евразия экономикалык кеңешинин чечими менен 2015-жылы майда жоюлган.

Евразия экономикалык комиссиясы эми өз чечими күчүнө киргенден кийин он күн ичинде Казакстанга Евразия экономикалык союзунун келишим шарттарынын аткарылуусу боюнча маалымат берүүнү тапшырды.

Казак чек арасындагы фитосанитардык көзөмөл Кыргызстандын айыл чарба азыктарынын Евразия экономикалык союзунун базарларына чыгышын кыйындатып келет. (UE)

XS
SM
MD
LG