Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:01

АКШ: киберчабуулдарга Орусиянын катышы бар


АКШ өкмөтү демократтардын интернет ресурстарына жасалган киберчабуулдарды уюштурууда Орусиянын колу бар экени тууралуу жума күнү жарыялады. Бирок орус өкмөтүнө түздөн-түз айыптоо айтылган жок.

Президенттик шайлоо алдында Демократиялык партиянын интернет ресурстарына бир канча жолу чабуул жасалган. Муну орусиялык хакерлер жасап жатканы айтылган.

АКШнын Ички коопсуздук департаментинин баяндамасында киберчабуулдар анык, пландалган тартипте ишке ашканы айтылат.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков муну “болбогон иш” катары сыпаттады.

АКШда президенттик шайлоо 8-ноябрда өтөт. Президенттик үчүн Дональд Трамп жана Хиллари Клинтон ат салышууда.

XS
SM
MD
LG