Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:43

ЕККУ Өзбекстандагы шайлоого толук байкоо салат


Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму 4-декабрда Өзбекстанда өтө турган президенттик шайлоого толук байкоо салат.

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мирзоулугбек Абдусаломов аталган уюмдун Ташкенттеги өкүлчүлүгүнүн адиси Жон Макгрегор менен жолугушуп, ушул маселени талкуулашты.

Өзбекстанда мурдагы шайлоолорго ЕККУ чектелген абалда гана байкоо салып келген. Анда мамлекеттеги шайлоолордо атаандаштык жоктугу, толук байкоочу миссия жөнөтүү зарыл эместиги айтылган.

11-14-октябрь күндөрү ЕККУ байкоочулары Өзбекстандагы саясий абал менен таанышуу максатында келишет.

XS
SM
MD
LG