Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

АКШ элчилиги Кыргызстандагы жарандарын сак болууга чакырды


АКШнын Кыргызстандагы элчилиги өлкөгө келүүнү пландап жаткан жана бул жерде жашаган атуулдарын жеке коопсуздугуна дыкат мамиле жасоого чакырды. Бул тууралуу атайын билдирүү элчиликтин расмий сайтында жарыяланды.

Билдирүүдө: “АКШнын Кыргызстандагы элчилиги жергиликтүү бийлик менен чет элдик дипломаттарга каршы террордук чабуул, адамдарды барымтага алуу же уурдоо сыяктуу окуялар октябрь айында болуп кетиши ыктымал деген маалымат алды. Ушундан улам элчилик өз атуулдарын сак болуп, коомдук жайларда коопсуздукту сактап, эл көп чогулган жерлерге барбоого чакырат. Жергиликтүү бийликтин коопсуздук боюнча көрсөтмөсүн так аткарып, ММКдагы маалыматтардан кабардар болуп туруңуздар. Кандайдыр бир демонстрация же массалык жүрүштөрдөн алыс болуңуз”, - деген көрсөтмө жазылып, элчилик менен байланыш номурлары көрсөтүлгөн.

Кечээ YouTube сайтына Сирияда согушуп жүргөн кыргызстандык согушкерлердин кайрылуусу чыккан. Тасмада үч адамдын бири өлкө бийлигин сынга алып, исламдагы шарыяттар толугу менен Кыргызстанда орношу керектигин, бул үчүн болгон аракетти жасашарын айткан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет беткапчан, курал кармаган адамдардын Кыргызстанга кайрылуусу текшерилип жатканын билдирген. (BCh)

XS
SM
MD
LG