Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:07

Марат Кенжесариевдин айдоочусу курал сатканы боюнча иш иликтенүүдө


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Мамлекеттик коргоо комитетинин төрагасы, генерал-майор Марат Кенжесариевдин айдоочусу мыйзамсыз курал сатып жүргөнү боюнча ишти Ички иштер министрлиги иликтеп жатат. Айдоочу өткөн жумада уюшма кылмыштуу топ өкүлдөрүнө үч даана АКС-74 Калашников автоматын сатып жаткан учурда кармалганы маалымдалган.

Ал куралдарды аскер бөлүктүн кампасынан алып чыгып сатып жатканы, үйүн тинтүү учурунда да мыйзамсыз курал-жарактар чыкканы кабарланган.

Коргоо комитетинин басма сөз катчысы Майрамбек Мусиев анын камалганын “Азаттык” радиосуна бышыктады:

-Биз айдоочунун колго түшкөнүн эле тастыктайбыз. Тергөө иштери жүрүп жаткандыктан, аты-жөнүн айта албайбыз. Башка жагдайлар тууралуу комментарийди ишти иликтеп жаткан органдар берсин.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул тууралуу толук маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

Кылмышка шектелип кармалган айдоочунун прапорщик аскердик чини бар. (SE)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG