Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Орусиядагы кыргызстандык келин уулануудан каза болгону расмий кабарланды


Орусияда кыргызстандык 32 жаштагы Мехризат Торгоева киши колдуу болуп эмес, спирттик ичимдиктен ууланып каза тапканы расмий кабарланды. Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлү Аскат Алиев билдиргендей, ал 3-октбярда түндө Москва облусундагы Люберцы шаарындагы батирде чогуу жашаган жигит менен спирттик ичимдик ичип, ууланганы аныкталды. Факт боюнча шаар полициясы менен биргеликте иликтөө уланууда.

Маркумдун кесиптештери аны киши колдуу болгон деп шекшип жатышат. Ага чейин кыргызстандык белгисиз жигиттер ал келинди “башка улуттагы эркектер менен сүйлөшпө” деп коркутушканы тууралуу тааныштары интернетке жазышкан.

Бирок Аскат Алиев бул маалыматты чындыкка туура келбейт деп расмий четке какты.

Келин Москванын четиндеги Люберцы шаарында кассир болуп эмгектенген. Артында эки кызы калды. Сөөгү 8-октябрда мекенине жөнөтүлдү. (SE)

XS
SM
MD
LG