Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:17

Түркмөнстан Азия темир жол коридорун ачууга даярданууда


Түркмөнстан ноябрда Азия эл аралык темир жол коридорун ишке киргизет. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары билдирүүдө.

Президент Гурбангулы Бердымухамедов атайын өкмөттүк жыйын өткөрүп, анда Түркмөнстан-Ооганстан-Тажикстан темир жолунун Атамурат-Имамназар (Түркмөнстан)-Акина (Ооганстан) тилкесинин курулушу туурасында сөз жүрдү. Бул жол башта Азия эл аралык темир жол коридору деп аталган.

Бердымухамедовдун пикиринде, бул жол Европа менен Азияны бириктирүүдө маанилүү роль ойнойт.

Темир жол коридору жана мунай жүктөп жөнөтүүчү терминал быйыл ноябрда колдонууга берилет. Темир жол курулушу 2013-жылы башталган.

XS
SM
MD
LG