Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:32

Экономика боюнча Нобель сыйлыгы контракттар теориясы үчүн берилди


Экономика боюнча Нобель сыйлыгы финляндиялык Бенгт Роберт Холмстрөм жана британиялык окумуштуу Оливер Саймон д`Арси Хартуга контракттар теориясы үчүн ыйгарылды.

Швециянын Падышалык академиясы өз билдирүүсүндө алардын ачылыштары түрдүү компания-мекемелер менен агенттер, жеке адамдар ортосунда түзүлгөн келишимдерди түшүнүүгө жардам берет деп билдирди.

Окумуштуулар кызыкчылыктар кагылышын алдын алуу үчүн кандай чаралар көрүлүшү керектигин, жетекчилердин маянасы, мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүү, камсыздандыруу, банкроттук тууралуу мыйзамдарды жана башка экономикалык көрүнүштөрдү анализдеп чыгышкан.

Холмстрөм АКШдагы Массачусетс технологиялык институтунун профессору, Харт Гарвард университетинде эмгектенет. Физика, медицина, тынчтык жана адабият тармактарынан айырмаланып, экономика боюнча сыйлык Алфред Нобелдин өзү эмес, Швеция банкы тарабынан 1969-жылы филантроптун урматына негизделген.

XS
SM
MD
LG