Юстиция министрлиги “Өз укугуңду бил” аттуу акция өткөрөт. Иш-чара 12-октябрда Ошто башталып, 13-октябрда Жалал-Абадда, 14-октябрда Баткенде, 17-октябрда Таласта, 18-октябрда Нарында, 19-октябрда Караколдо жана 20-октябрда Бишкекте уланат. Бул тууралуу министрликтин Укуктук үгүт башкармалыгынын жетекчиси Айбек Чотонов “Азаттык” радиосуна билдирди.
-Ар бир облуста биздин юристтерибиз штаб уюштурат. Алар элге акысыз укуктук кеп-кеңештерин айтышат.
Мындай акция быйыл экинчи ирет өтүп жатат. Алгач 22-23-июнда – юристтер күнүнө карата уюштурулуп, миңден ашуун адамга кеңештер айтылган. (SE)