Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:19

Чүй облустук соту Азимжан Аскаровдун ишин териштирүүнү улантат


Азимжан Аскаров сот залында.
Азимжан Аскаров сот залында.

Сот жараянында бүгүнтөн тарта жабырлануучулар, күбөлөр, айыпталуучу көрсөтмө берип, андан соң тараптар жарыш сөзгө чыгат. Аскаровдун соту 4-октябрда Жаза аткаруу кызматынын Күзөт жана кайтаруу департаментинде башталган. Аскаров 2010-жылы июнь окуясында улуттук кастыкты козуткан, калайман башаламандык уюштурган жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган.

Быйыл апрелде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети анын мыйзамсыз камалганын айтып, бошотууну талап кылган. Аталган уюмдун сунушунун негизинде Жогорку Сот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап чыгып, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмүн жокко чыгарган. Ишти кайра кароону Чүй облустук сотуна тапшырган болчу. (NT)

XS
SM
MD
LG