Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:34

Путин менен Эрдоган аскердик кызматташтыкты жакшыртуу тууралуу макулдашты


Путин менен Эрдогандын Стамбулдагы жолугушуусу.
Путин менен Эрдогандын Стамбулдагы жолугушуусу.

Орусия менен Түркия президенттери 10-октябрда Стамбулдагы жолугушууда аскердик жана чалгын тармагында кызматташтыкты тереңдете турган болушту. Сүйлөшүүдөн кийин тараптар журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, анда Владимир Путин Эрдоган менен Сириянын Алеппо шаарына гуманитардык жардам берүү зарылдыгы тууралуу макулдашканын билдирди. Ал эми түрк президенти Сирияга көмөк көрсөтүү боюнча биргелешкен стратегия иштелип чыгарын айтты:

- Эки өлкөнүн тиешелүү мекемелери бул маселени талкуулап, анын натыйжасында стратегия тандалып алынат, - деди Эрдоган.

Мындан тышкары Түркия менен Орусия Кара деңиз аркылуу “Түрк агымы” деп аталган газ куурун куруу тууралуу өкмөттөр аралык келишимге кол коюшту. Тараптардын алакасы былтыр ноябрдын этегинде Сирия менен Түркиянын чек арасында орусиялык согуштук учак атып түшүрүлгөндөн кийин начарлап кеткен. Москва экономикалык санкцияларды киргизип, туризм, маданият тармагындагы карым-катнашты үзүп салган. Расмий адамдар бири-биринин дарегине ачуу сөздөрдү айтканга чейин барышкан. Бул – орус лидеринин былтыркы ноябрдан берки Түркияга биринчи сапары. Ал Стамбулда өтүп жаткан Дүйнөлүк энергетика конгрессине катышты.

XS
SM
MD
LG