Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:07

"Самсунг" компаниясы жаңы смартфонун сатыктан алууну өтүндү


Түштүк кореялык Samsung Electronics Co Ltd концерни 11-октябрда бардык өнөктөштөрүнө кайрылып, Galaxy Note 7 смартфонун сатыктан алууну өтүндү. Компаниянын билдирүүсүндө, мурда да бир алмаштырылган бул "смартфонду колдонууну токтотуу" сунушталган.

Samsung бул кадамга Galaxy Note 7 смартфонунун аккумулятору күйө баштагандан кийин барды. Смартфон сатыкка 19-августта чыккан эле.

Концерн 2-сентябрда эки жарым миллиондой смартфонун артка кайтарып алган.

“Мурда да бир алмаштырылган смартфондун батареясынын кайра иштен чыгуусу Samsung компаниясынын беделине көлөкө түшүрөт. Бул анын өз продукциясынын сапатын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнөн шек туудурат” деп билдирди Рейтер агенттиги.(ST)

XS
SM
MD
LG