Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:04

ИМ террордук тобунун лидерлеринин бири өлгөнү тастыкталды


Өзүн «Ислам мамлекети» деп атап алган террордук топ лидерлеринин бири өткөн айда каза болгону тууралуу маалыматты бышыктады.

Сентябрь айында Пентагон Сириянын Ракка шаарында аскердик операциялардын бири ийгиликтүү ишке ашырылганын, натыйжада террорчулардын маалымат таратуу, үгүт жүргүзүү ишине жооптуу адамы өлтүрүлгөнүн кабарлаган.

Согушкер топтун интернетке жарыялаган билдирүүсүндө анын аты-жөнү Ваил Адил Хасан Салман ал-Файяд экени айтылат. Бирок бул адам качан жана каерде каза болгону так айтылган жок. (RK)

XS
SM
MD
LG