Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:49

Баткенде кыздарды эрте күйөөгө берүүгө каршы театр-форум өттү


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Баткенде кыздарды эртелей турмушка берүүгө каршы театр-форум өттү. Ал 11-октябрь - Кыздардын эл аралык күнүнө карата уюштурулду. Иш-чарага мектеп окуучулары, студенттер, ата-энелер жана дин кызматкерлери катышты.

“Өмүр булагы” коомдук фонду өткөргөн форумда аймактагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү же ата-энеси жок кыздарды он сегизге толо электе турмушка узаткан көрүнүштөр сахналаштырылып, ролдорду мектеп окуучулары аткарышты.

Адистер секелектерди үй-бүлө курууга мажбурлоону болтурбаш үчүн коомчулук арасында түшүндүрүү иштерин көбөйтүүнү, ал үчүн ата-энелер жана дин кызматкерлери чогуу аракеттениши зарылдыгын белгилешти.

Кыргызстанда 18 жашка чыга элек келиндердин өлүмүнүн саны 30 пайызга жогору экени, эрте турмушка чыккан кыздар төрөгөн балдар алсыз болору катталган. Статистика боюнча Кыргызстанда азыр 18 жашка чейин турмушка чыккан кыздардын саны 160 миңди түзөт. Ушул айда парламент жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алган. (JsA)

XS
SM
MD
LG