Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:17

Роскомнадзор "Дети-404" сайтын жабуу ниетин билдирди


"Дети-404" долбоорунун негиздөөчүсү Елена Климова
"Дети-404" долбоорунун негиздөөчүсү Елена Климова

Орусияда Роскомнадзор ЛГБТ өспүрүмдөр үчүн ачылган "Дети-404" сайтын тыюу салынган интернет-ресурстардын тизмесине киргизди.

Долбоордун негиздөөчүсү Елена Климова Вконтакте социалдык тармагындагы баракчасына, эгер тыюу салынган маалыматтар алынбаса, сайт Орусиянын аймагында көргөзүлбөcүн жазды. Кайсы маалымат мыйзамга каршы келери Роскомнадзордун катында айтылган эмес.

"Дети-404" долбоору 2013-жылы жазында негизделген. Анын максаты сексуалдык ориентациясы башкача балдарга моралдык колдоо көргөзүү эле. Буга чейин Роскомнадзор долбоордун Вконтакте социалдык түйүнүндөгү баракчасын бир нече жолу жапкан.

2015-жылы сот Елена Климованы «жашы жетелектер арасында салттуу эмес сексуалдык мамилени жайылтканы үчүн» күнөөлүү деп таап, 50 миң рубл айыпка жыккан. (ST)

XS
SM
MD
LG