Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:46

Атамбаев декабрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен бирге референдум да өтөрүн билдирди


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев 11-декабрда Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өтөрүн билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн "Ала-Арча" резиденциясында мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи учурунда айтты. Өлкө башчысы добуш берүүлөр акыйкат жана ачык болорун кошумчалады.

Жергиликтүү шайлоолорду өткөрүү боюнча жарлыкка президент 10-октябрда кол койгон. Тийиштүү мыйзамдар кабыл алынып бүтсө, ошол күнү Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум да өтөрү маалымдалган.

Референдумду алгач 4-декабрда өткөрүү сунушталган. Бирок Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов даярдык иштерине байланыштуу 11-декабрга которуу зарылдыгын билдирген эле.

Активисттер жана оппозициядагы саясатчылар Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумга каршы болуп келе жатышат. (SE)

XS
SM
MD
LG