Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:51

Бишкек-Доха авиакаттамын ачуу пландалууда


Бишкек-Доха багытында авикаттам ачуу пландалууда. Кыргызстандын Катардагы элчиси Нуран Ниязалиев “Катар Эйрвейс” компаниясынын вице-президенти Али Аль-Раис менен ушул маселени талкуулады.

Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, Кыргызстан менен Катар ортосундагы экономикалык жана маданий карым-катышты дагы да жандантууга учак каттамы маанилүү роль ойнойт. Элчи аталган авиакомпания жетекчилигине Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортунун шарттары менен тааныштырды.

Тараптар бул жаатта мүмкүнчүлүктөрдү изилдеп жатышат.

XS
SM
MD
LG