Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:11

Судья Эмил Өскөнбаев Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдогон жок


Баш мыйзамды өзгөртүүнү Конституциялык палатанын судьясы Эмил Өскөнбаев колдогон жок. Андан башка 10 судья макулдугун берип, өзгөртүү киргизилип жаткан Баш мыйзамда эреже бузуулар жок экени тууралуу 11-октябрда чечим кабыл алышкан.

Эмил Өскөнбаев 114-беренеге ылайык, өзгөчө пикирде калганын аталган палатадан билдиришти. Бул беренеде 2020-жылдын 1-сентябрына чейин Баш мыйзамды өзгөртүүгө болбой турганы көрсөтүлгөн.

Бийлик сунуштап жаткан Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум 11-декабрда өтөрү айтылууда. Азыр тийиштүү мыйзамдар талкууланып жатат.

Жарандык активисттер жана оппозициядагы саясатчылар Конституцияны өзгөртүү – бийликтин ыйгарым укуктарын бекемдерин белгилеп, ага каршы болуп жатышат.

XS
SM
MD
LG