Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Екатеринбургда эмгек мигранттары нааразылык билдирүүдө


Орусияда курулушта иштеп тапкан маянасын ала албай жүргөн эмгек мигранттары нааразылык билдирүүдө. Екатеринбургда мурдагы союздук республикалардан барган жарандар жалданып иштеген компаниянын жетекчилигине бир жума убакыт берип, эгер айлыгын төлөп бербесе иш таштай турганын айтышты.

Бүгүнкү күнгө карата айлык боюнча топтолгон карыздын жалпы суммасы 7 миллион рублге жеткен. Айлыгын төлөбөгөн кожоюндар жумушчуларды курулуш жүрүп жаткан жерге жолотпой жатат.

Тажикстандан барган мигранттар диаспора жетекчилигине кайрылып жардам сурады.

Ал эми аларды жалдап иштеткен «Екатеринбург курушуш компаниясы» ишканасынын жетекчиси Александр Широченко журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартууда. Ал кайра жумушчуларды айыптап, ишти жакшы жасабай койгону үчүн деген негизде мигранттарды сотко бергенин билдирди.

Ишти азыр жергиликтүү прокуратура териштирип жатат.

Нааразы тараптын арасында кыргызстандык жарандар жок экени кабарланды. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG