Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:21

Укук коргоочу парламенттин тарашын талап кылат


Укук коргоочулардын пикети. Өндүрүш Токтонасыров оңдо.
Укук коргоочулардын пикети. Өндүрүш Токтонасыров оңдо.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Бишкектеги Ак үйдүн алдында пикетке чыгып, алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин тарашын талап кылат. Ал коомдогу олуттуу каршылыктарга карабай, парламент Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүнү колдоду деп нааразы болууда:

- Референдум өткөрүүгө макул болуу - Кыргызстанда демократия менен биротоло коштошуу, авторитардык режимге кайтып баруу дегенди түшүндүрөт. Мындай парламент тарашы керек. Эч нерсеге карабай референдум өткөрүүгө кадам жасап жатканы туура эмес. Андан көрө ошого кеткен акчаны онкологиялык бейтаптарга, бөйрөгүнөн дартка чалдыккандарга, чатырларда окуп жаткандардын көйгөйлөрүн чечүүгө жумшасын.

Бийлик сунуштап жаткан Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум 11-декабрда өтөрү айтылууда. Азыр бул багытта тиешелүү мыйзамдар Жогорку Кеңеште талкууланып жатат.

Жарандык активисттер жана оппозициядагы саясатчылар Конституцияны өзгөртүү – бийликтин ыйгарым укуктарын бекемдей турганын айтышып, ага каршылык билдирип келатышат. (NT)

XS
SM
MD
LG