Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

Адабият боюнча Нобель сыйлыгы Боб Диланга ыйгарылды


Боб Дилан
Боб Дилан

Америкалык ырчы, жазуучу, сүрөтчү жана киноактер Боб Диланга адабият боюнча Нобель сыйлыгы ыйгарылды. 13-октябрда Швед Академиясы Диланды америкалык ырлардын улуу салтын улаганы үчүн баалады.

Азыр 75 жаштагы Боб Диландын музыканттык сапары 1959-жылы башталган. Анын айрым ырлары АКШдагы антиаскердик жана жарандык укуктар үчүн кыймылдардын гимнине айланган.

Адабият боюнча Нобель сыйлыгы 1901-жылдан тарта берилет. Өткөн жылы ал белорус жазуучусу Светлана Алексиевичке тапшырылган.

Нобель комитетинин уставында бул сыйлык көркөм адабиятка гана эмес, форма же стили боюнча адабий баалуулук катары саналган башка да чыгармаларга ыйгарылары көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG