Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:09

БУУнун кийинки баш катчылыгына Антонио Гуттереш шайланды 


БУУнун башкатчысы Антонио Гуттереш.
БУУнун башкатчысы Антонио Гуттереш.

Улуттар уюмуна мүчө 193 мамлекет 13-октябрда Португалиянын мурдагы премьери Антонио Гуттерештин талапкерлигин колдоду. 75 жаштагы Гуттереш он жылдан бери уюмду жетектеп, 1-январда кызматын тапшыра турган түштүккореялык Пан Ги Мундун ордуна келет.

- Гуттереш куралдуу чыр-чатактарды, гуманитардык кризистерди жөнгө салуу тармагында белгилүү адис. Анын саясий туюму жер шары, адамзат үчүн жооптуу болуу деген БУУнун жалпы кызыкчылыгына жана позициясына туура келет, - деди Пан Ги Мун.

6-октябрда Гуттерештин талапкерлигин он беш орундуу БУУнун Коопсуздук кеңеши бир добуштан кубаттаган. Гуттереш 1995-2002-жылдары Португалиянын өкмөтүн башкарган. 2005-2015-жылдары БУУнун качкындар иштери боюнча жогорку өкүлү болуп иштеген. Ал уюмдун тогузунчу баш катчысы болуп калат.

XS
SM
MD
LG