Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:38

Казак активисттери социалдык кастыкты козуткан деген айыпты четке кагышты


Чимкенттеги жер реформасына каршы активисттер.
Чимкенттеги жер реформасына каршы активисттер.

Казакстанда жарандык активисттер Макс Бокаев менен Талгат Аяндын сотунда айыпталуучулардын адвокаты жаңы доо арыз менен кайрылды. Жактоочу чымкенттик ишкер Тохар Тулешов мыйзамсыз каршылык акцияларын өткөрүү үчүн Талгат Аянга берди деген акчалардын номурларын иликтеп чыгууну талап кылды.

Судья Тулешовдун иши башка сотто каралып жатканын жүйө келтирип, андай доо арызды четке какты. Сотто мамлекеттик айыптоочу активисттер 24-апрелде Атырауда жер реформасына каршы митингге маалымат каражаттарын колдонуу менен социалдык кастыкты козуткан деген өкүм чыгарууну сурады. Бокаев менен Аян бул кинелерди башынан эле четке кагып келишет. Активисттер быйыл жазында өткөн жер реформасына каршы нааразылык акцияларынан кийин камалган.

XS
SM
MD
LG