Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:01

Интернеттин ылдамдыгы азаят


Мындай эскертүүнү Казакстан тараптагы провайдердин интернетти өчүрүү ыктымалдыгы тууралуу маалымдамасынан кийин Акнет байланыш оператору кардарларына билдирди.

Акнеттин сайтында жазылгандай, казакстандык провайдер Кыргызстан менен Казакстандын монополияга каршы күрөшүү кызматтарынын бааларды төмөндөтүү боюнча келишимдерин жокко чыгаруу менен интернетти өчүрүүдө. Казакстандык өнөктөштөрдүн бул аракети кыргыз бийликтерине ишенимди азайтат, деп жазылган эскертүүдө.

Ошондой эле байланыш операторлору кардарларынын кызыкчылыгы үчүн казакстандык провайдер талап кылып жаткан баага макул болбогонун, алар сунуштаган баалар мурункудан үч эсе кымбат экенин белгилеп, интернеттин өчүрүлүүсү мына ушул макул болбогондуктун натыйжасы экенин билдирген.

Байланыш операторлору интернеттин айланасында түзүлгөн бул кырдаалга мамлекеттик бийлик органдары кийлигишип гана чечпесе, жакынкы аралыкта эски баалар менен маселе чечилбесин эскертишүүдө.

Казакстандык провайдерлер интернеттин баасы көтөрүлөрү тууралуу кыргызстандык байланыш операторлоруна августтун аягында эле маалымдашкан. Алар муну Орусиядан келген трафик кымбаттаганы менен негиздешкен. Бирок орустар баалар мурунку калыбында, 1 мегаБит интернет 1 АКШ доллары менен сатылып жатканын маалымдашкан. Кыргызстан менен Казакстандын антимонополиялык кызматтары бул маселени талкуулап, баалар мурдагы калыбына келтирилет деген чечимге келишкен. Бирок азырынча ал чечимдин ишке ашуусунан дайын жок.(ZKo)

XS
SM
MD
LG