Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:09

Өкмөт кышка даярдык көрүүгө 3 млрд. сом бөлдү


Кыргызстанда күз-кыш мезгилине даярданууга 2,9 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, жалпысынан өлкөдө кышкы сезонду өткөрүүгө 3,8 млрд сом бөлүү каралган. Анын ичинде жылуулук ишканаларын отун, көмүр жана электр энергиясы менен камсыз кылуу, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, бийик тоолуу райондордун калкына электр энергиясы үчүн компенсацияларды төлөө жана башка чыгымдар бар.

Кыргыз гидрометборбору быйыл кыш суук болорун эскертүүдө. Бишкекте 14-октябрдан тарта көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берилди. (BkA)

XS
SM
MD
LG