Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:37

Түркмөнстанда президенттик шайлоонун мөөнөтү аныкталды


Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухамедов
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухамедов

Түркмөнстанда кезектеги президенттик шайлоо кийинки жылдын 12-февралында өтөт. Бул тууралуу мамлекеттик маалымат каражаттары жазып чыкты. Президенттик шайлоонун мөөнөтү өлкө башчысы Гурбангулы Бердимухамедовдун өмүрүнүн аягына чейин шайлоого катышуусуна мүмкүнчүлүк берген Баш мыйзам кабыл алынгандан бир ай өткөн соң жарыяланды.

Быйыл 14-сентябрда Түркмөнстандын Аксакалдар кеңеши сунушталган өзгөртүүнү жактаган.

Кабыл алынган өзгөртүүгө ылайык, президенттик мөөнөт беш жылдан жети жылга узартылып, талапкерлерге 70 жашка чейин катышууга жол ачылган. Президент Бердымухамедов кабыл алынган мыйзамга ошол эле замат кол койгон. Экинчи президенттик мөөнөтү 2017-жылы аяктай турган 59 жаштагы Бердымухамедов үчүн жаш мөөнөтүн чектөө кайрадан шайлоого катышууга тоскоолдук болуп жактан.

Гурбангулы Бердымухамедов 2006-жылдан бери Түркмөнстанды башкарып келатат. Бул өлкөдө бир дагы жолу шайлоо демократиялык жол менен өтпөгөнү жана Түркмөнстан эң эле катаал көзөмөл астындагы мамлекет экени айтылып келет.

XS
SM
MD
LG