Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:57

Евробиримдик ВСП+ боюнча «жол картасын» даярдоого жардам берет


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Мындай келишим Брюсселде өткөн Кыргызстан жана Евробиримдиктин кызматташуу комитетинин жыйынында кабыл алынды. Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда эки тараптын кызматташуусун өнүктүрүү маселелери талкууланды. Европа биримдиги Кыргызстандын ВСП+ макамынын негизинде долбоорлорду ишке ашыруу боюнча «жол картасын» даярдоого жардам бермекчи.

Кыргызстанга Жалпы жеңилдиктер системасын колдонуу макамын берүү чечимин Европа биримдиги быйыл 27-январда кабыл алган. Бул артыкчылык макамына ылайык, кыргызстандык экспортчулар Европага ташый турган товардын алты миңден ашуун түрүнө бажы төлөмүн төлөбөйт.(BkA)

XS
SM
MD
LG