Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:35

Түркмөнстан экинчи спутнигин учурууга белсенүүдө


Түркмөнстанда алгачкы спутник учурулушуна байланыштуу салтанат. 18-май, 2012-жыл.
Түркмөнстанда алгачкы спутник учурулушуна байланыштуу салтанат. 18-май, 2012-жыл.

Түркмөнстан менен Кытай космикалык изилдөөлөр тармагында кызматташуу мүмкүндүктөрүн караштырып жатат. Бул тууралуу жергиликтүү булактар жазышты.

Ушул күндөрү Түркмөнстандын делегациясы Сычуань провинциясындагы Ченду шаарында ачылган Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн IV кызматташтык форумуна катышууда.

Сычуанда буга чейин жүздөгөн космос кемелери менен спутниктер учурулган Сичан космодрому жайгашкан.

Буга чейин Түркмөнстанда экинчи улуттук спутникти даярдоо боюнча иштер жүрүп жатканы кабарланган. Биринчи спутник былтыр 28-апрелде АКШнын Флорида штатындагы Канаверал аймагынан учурулган.

Президент Гурбангулы Бердымухамедов биринчи спутник кое берилгенден кийин анын деңгээли толук пайдаланылбай жатканын айткан.

XS
SM
MD
LG