Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Кыргызстанда оор шартта жашаган балдардын саны 2,5 миңге жетет


Алардын ичинен 645 бала жакындарынын багуусуна берилди, 761 бала үй-бүлөлүк балдар үйүнө, 190 бала реабилитациялык борборлорго орноштурулду. 17 баланы асырап алышкан. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдады.

Расмий маалыматтар боюнча, ушул жылдын тогуз айында өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулук боюнча 579 кылмыш иши козголгон. Зордук-зомбулукка кабылган балдардын бир бөлүгү ата-энеси миграцияга кетип, туугандарынын үйүндө калгандар.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министригинин маалыматына караганда, 60 миңге чукул баланын ата-энеси чет өлкөдө миграцияда жүрөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG