Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:38

Түркия Мосулдан кийин Ракканы бошотууга чакырды


Раккадагы ИМдин согушкери.
Раккадагы ИМдин согушкери.

Түркия Мосул шаары бошотулгандан кийин “Ислам мамлекети” террордук тобунун Сириядагы чордону саналган Раккага көңүл бурууга чакырды.

Түркиянын премьер-министринин орун басары Нуман Куртулмуш Мосул операциясы аяктагандан кийин жана түрк өкмөтү чек арасын согушкерлерден тазалаган соң Ракка операциясын баштоо зарылдыгын айтты.

Ракка шаарын бошотуу аракетин АКШнын коргоо министри Эштон Картер да колдогон.

Ирактын жана күрттөрдүн Пешмерга күчтөрү Мосул шаарын бошотуу операциясын 17-октябрда баштаган. Алар “Ислам мамлекети” террордук тобунун согушкерлери жайгашкан шаарды курчап алып, ага бир чакырым жакын калганы кабарланды. (KKs)

XS
SM
MD
LG