Өкмөттүн эсеби боюнча, жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүгө 80 миллиондон 130 миллион сомго чейин чыгым кетет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жергиликтүү агенттиктердин бирине маалымдады. Ал эки өнөктүктү чогуу өткөрүү максатка ылайыктуу экенин, өз-өзүнчө уюштурулса, 300 миллион сомдой каражат сарпталарын билдирди.
Кыргызстандын жергиликтүү кеңештерине шайлоо 11-декабрда өтөт. Ошол күнү Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум да пландалууда. (SE)