Линктер

бейшемби, 19-январь, 2017 Бишкек убактысы 21:03

Жогорку Кеңеш референдумду дайындоо мыйзамын талкуулоого киришти


Парламент талкуусу.

Парламент талкуусу.

Парламентте "Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду дайындоо жөнүндө” мыйзам долбоору үчүнчү окууда талкууланып жатат. Документ 1-ноябрда Конституциялык мыйзамдар, сот укук маселелери жана регламент боюнча комитетинде үчүнчү окууда колдоо тапкан. Анда Конституцияны өзгөртүү маселесин жалпы элдик добушка быйыл 11-декабрда коюу сунушталган.

Мыйзам долбоорун эл өкүлдөрү Иса Өмүркулов, Канат Исаев, Өмүрбек Бабанов башында турган депутаттар тобу иштеп чыккан. Кыргызстанда 11-декабрда жергиликтүү кеңештерге да шайлоо өтөт. (NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG