Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:02

Бабанов: оппозицияда калууга даярбыз


Фракция башчыларынын сүйлөшүүсү улантылууда.
Фракция башчыларынын сүйлөшүүсү улантылууда.

Бул тууралуу " Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов журналисттерге билдирди. Анын ырасташынча, коалицияны куроо боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатат. Бабанов бүгүн да КСДПнын лидери Иса Өмүркулов менен сүйлөшкөнүн, фракция коалицияга кирүү боюнча чечим кабыл ала электигин кошумчалады:

- Коалицияга кирип коюу оңой. Бирок аны менен өкмөттүн иштери үчүн жоопкерчиликти алууга туура келет. Анын кемчиликтерине жооптуу болосуң. Эгер кардиналдуу өзгөртүүлөргө жөндөмдүү болбосо, ага жоопкерчилик алышыбыз керек. Жөнөкөй сөз менен айтканда, "жебеген мантыга эмнеге акча төлөшүбүз керек".

Бабанов азыркы өкмөттүн аткарып жаткан иштерине канааттанбасын, эгер сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпаса оппозицияда калууга даярдыгын белгиледи. (BkA)

XS
SM
MD
LG