Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:11

"Өнүгүү-Прогресс" референдумга каршы добуш берет


Бул тууралуу "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев парламент жыйынында билдирди. Анын айтымында, Баш мыйзам боюнча каршы пикир билдирген депутаттарды айрым саясий күчтөр "душман" катары кабыл алышууда. Төрөбаев бул туура эмес экенин белгилеп, кесиптештерин терең ойлонуп добуш берүүгө чакырды.

Ал эми өзү жетектеген фракция толугу менен бул мыйзам долбооруна каршы добуш берерин айтты.

Жогорку Кеңеште "Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду дайындоо жөнүндө” мыйзам долбоору үчүнчү окууда кызуу талкууга алынууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG