Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:00

Пакистанда поезд кагылышынан 17 адам мерт болду


Темир жол кырсыгы.
Темир жол кырсыгы.

Пакистандын Карачи шаарында эки поезд кагышып, андан 17 киши мерт болду. Расмийлердин айтымында, дагы 50дөй адам жаракат алды.

Маалыматка ылайык, 3-ноябрда Мултан шаарынан чыккан “Закариа Экспресс” поезди Лахордон чыккан “Фарид Экспресс” менен кагышкан. Вагондордон чыга албай калган жүргүнчүлөрдү куткаруу аракети көрүлүүдө.

Бул соңку эки айга жетпеген убакыт ичинде Пакистандагы экинчи эң ири темир жол кырсыгы болуп калды.(KKs)

XS
SM
MD
LG