Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:24

Солго баскандардын “соодасы”


"Ыңгайсыз суроолор" телекөрсөтүүсүнүн бул жолку чыгарылышында сойкулукту кесип кылган кыздар тууралуу сөз болду.

Байыркы кесиптин курмандыгы болгондор жана аны калкалагандар жөнүндө да айтып беребиз.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов быйыл кызматына киришип жатып, борборду сойкулардан бир жумада тазалайм деп убада берип, ошол замат милиция түнкү рейддерди уюштуруп, денесин саткан кыздарды ары-бери кубалап калышкан эле. Шаардык милициянын башчысы “Азаттыкка” маек берип жатып, ал иштер азыр да уланып жатканына токтолду:

- Ооба, мен учурунда журналисттердин берген суроолоруна жооп берип жатып, көчөгө чыгып кеткен кыздарыбызды тазалашыбыз керек деп айткам. Анткени, Бишкек бул саясый гана эмес, экономикалык, туристтик да борбор. Мындан улам мындай көрүнүш борбордо болбошу керек. Тилеке каршы, бизде сойкулук боюнча тиешелүү мыйзамдар болбогон соң аларга кылмыш ишин ачууга мүмкүн эмес жана көчөлөрдө денесин саткандар токтоп калган жок.

Бул окуядан көп өтпөй эле Свердлов райондук №10 коомдук тартипти көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы кол алдындагыларын зекип, тиешелүү райондогу сутенёрлорго тийбешин талап кылып жаткан видео таркады. Бул тасма май айында эле тартылганын, учурда Бишкек шаардык прокуратурасы тергөө иштерин жүргүзүп, ага укуктук баа берээрин шаардык прокуратуранын тергөө бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Атабаев билдирди.

- Кызматтык этикага байланыштуу мен аты жөнүн айтпай эле койоюн, Свердлов райондук №10 коомдук тартипти көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы катышкан видео боюнча биз Ички иштер министрлигине тиешелүү сунушубузду бердик, эми укуктук бааны жакын арада ачыка чыгарабыз.

Бир гана көчөдө туруп денесин саткандар эмес, интим кызматын көргөзүүчү сайттар аркылуу да жүздөгөн кыздар иштеп жатканын, ал сайттардын кожоюндары чет өлкөлөрдө отуруп, электрондук капчык аркылуу миллиондогон каражаттарды алып жатканы белгилүү болду.

Солго баскандардын "соодасы"
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:31 0:00
PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG