Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

Төө-Ашуу туннелиндеги кырсыктан төрт киши набыт болду


Дагы он төрт киши жараат алган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, 4-ноябрь күнү ашуудагы Көлбаев атындагы туннелде жүк ташуучу автоунаа "Хонда", "Субару" жана БМВ автоунааларын жөөлөп кеткен. Натыйжада БМВ унаасында бараткан беш кишинин төртөө набыт болуп, бирөө оор жаракат алган.

Жараат алгандардын үчөө Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген. Алардын биринин бели сынганын, жети жаштагы дагы бир бала жараат алганын Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Окуянын чоо-жайын ИИМ иликтөөдө. Алдын ала маалыматтар боюнча жүк ташуучу автоунаанын тормозу иштебей калган.

Кырсык болгондон кийин, Төө-Ашуу туннелинен автоунаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилип, кечке жуук кайра ачылды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG