Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:27

Келерки жылы билим берүү тармагына бюджеттин 25% жумшалат


Мындай маалыматты өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Кара-Суу районундагы жаңы мектептин ачылышында сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Анын айтуусунда, билим берүү тармагы мамлекеттеги артыкчылыкка ээ болгон тармактардын бири болуп саналат. Буга байланыштуу өкмөт 2017-жылы мамлекеттик бюджеттин 25% бул тармакка жумшоону көздөөдө.

Быйыл Кыргызстанда 80 мектептин курулушу мерчемделип, анын ичинен 2016-жылдын 1-октябрына карата 20сы ишке берилген. Калган мектептердин курулушуна каралган каражат Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнуна карата, Балыкчы-Корумду жолунун курулушуна сарпталып кеткени айтылган. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Турдубек Мамбетов “Азаттыкка” курган маегинде ноябрь айында 28, декабрда 18 мектеп бүтөрүн маалымдаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG