Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:41

Бишкектеги өрт 2,5 миң чарчы метр жерди чулгады


Бул тууралуу өрт чыккан жерге барган Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, өрттүн андан ары жайылышына жол берилбей, айланасы тосулду:

-Учурда Бишкектеги бардык өрт өчүрүүчү техниканы тарттык. Өрт автоунаалардын мотор майларын сактаган кампадан чыккан экен. Бизге маалымат саат 13:03де келип түшкөн. Өрт өчүргүчтөр 50 тонна майы бар кампаны сактап калууга жетишти. Бирок өрт чыккан кампа күйүп жатат. Адамдардан жабыркагандар жок.

Министрдин айтуусунда майды суу менен өчүрүүгө мүмкүн болбогондуктан, көбүк менен өчүрүү аракети жүрүп жатат.

Учурда өрт чыккан жерде “Тез жардам” бригадасы да күзөттө турат. Аймакты милиция кызматкерлери кайтарууда.

Өрт шаардын Толстой жана Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги кампада тутанган.(AA/ZKo)

XS
SM
MD
LG