Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:14

Бишкектеги өрттү өчүрүү уланууда


Бул тууралуу ӨКМ басма сөз катчысы Элмира Шерипова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, саат 20:00ге карай, өрт толук өчүрүлө элек, өрттү өчүрүү иштери түнү менен болсо да уланат. Учурда ал жерде сексенден ашуун өрт өчүрүүчү иштеп жатат.

Элмира Шерипованын маалыматы боюнча, мотор майлары сакталган кампалардын ээлери менен өрттүн кесепетин аныктоо иштери да жүргүзүлүүдө. Бүгүн түшкү саат бирге чукул Бишкектин батыш тарабында мотор майлары сакталган кампада өрт чыккан. Өрттүн жалпы аянты 2,5 миң чарчы метр деп айтылууда. Өрттөн жабыркаган адамдар жок.

Өрттөн улам, анын айланасындагы магистралдарда - Дэн Сяопин жана Лев Толстой көчөлөрүндө автоунаа тыгындары жаралды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG