Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:58

Болгария: шайлоонун экинчи туру 13-ноябрда өтөт


Президенттикке талапкер Румен Радев.
Президенттикке талапкер Румен Радев.

Болгариядагы президенттик шайлоонун биринчи турунда Орусия менен байланышты жактаган талапкер утулуп калды. 6-ноябрдагы шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча, Социалисттик партия колдогон запастагы генерал Румен Радев жеңишке жетүү үчүн керек болгон 50 пайыздык чектен өтө алган жок. Азыр бюллетендердин 95 пайызы саналып бүттү. Анын натыйжасында 53 жаштагы генерал добуштардын 25,7 пайызын алган. Ал эми дагы бир талапкер Цецка Цачевдин топтогон добушу 22 пайыз болду.

Радев президенттик шайлоодо көз карандысыз талапкер катары көрсөтүлгөнү менен аны иш жүзүндө Социалисттик партия колдойт. Ал Евробиримдикти Орусияга каршы санкцияларды алууга чакырып, Болгариянын Кремль менен экономикалык байланыштарын калыбына келтирүүнү кубаттап келет. Болгария азыр НАТО жана Евробиримдиктин курамында. Президенттик шайлоонун экинчи туру 13-ноябрга белгиленди.

XS
SM
MD
LG