Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:41

Австралия гейлер боюнча референдумду четке какты


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Өкмөттүн бир жыныстуу никени мыйзамдаштыруу маселесин жалпы элдик добушка коюу демилгесин Австралия парламентинин жогорку палатасы көпчүлүк добуш менен четке какты. 20 сенатор бул сунушту колдосо, 33ү каршы чыгышты.

Соңку социологиялык иликтөөлөрдө өлкө жарандарынын басымдуу бөлүгү бир жыныстуу никени кубаттай турганын билдиришкен. Эксперттер парламенттин бул сунушту жокко чыгарганы премьер-министр Малкольм Тернбулл жетектеген коалициялык өкмөткө катуу сокку болорун белгилешүүдө.

Оппозициялык Лейбористтик партия мындан мурда гейлер никеси боюнча референдум өткөрүү ЛГБТ өкүлдөрүнө каршы кол салууларды күчөтөрүн эскертип, парламентте бул маселени түз добушка коюуга чакырган.

Ушул тапта Австралиянын көпчүлүк штатында бир жыныстуулардын жарандык үй-бүлө катары чогуу жашашына уруксат берилет. Бирок ал жалпы улуттук мыйзамда жазылган эмес.

XS
SM
MD
LG