Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:05

Венгрия парламенти мигранттар боюнча конституциялык өзгөртүүлөрдү колдогон жок


Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан. 8-ноябрь, 2016-жыл.
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан. 8-ноябрь, 2016-жыл.

Венгрия парламенти мигранттарды жайгаштырууга тыюу салган конституциялык өзгөртүүлөрдү колдогон жок. Премьер-министр Виктор Орбан сунуштаган өзгөртүүлөрдү 199 депутаттын 131и колдоп, талап кылынган санга эки добуш жетпей калды.

Мурдараак Орбан 2-октябрда жүргүзүлгөн референдумдун жыйынтыгын бекемдеш үчүн Конституцияны өзгөртүү зарыл экенин билдирген. Анда добуш берүүгө келгендердин 95 пайызы Евробиримдиктин качкындар боюнча программасына Венгриянын катышуусуна каршы чыгышкан. Шайлоочулардын аз келгендигине байланыштуу референдум өткөн жок деп таанылган.

2015-жылдагы Евробиримдик туш болгон миграция кризисинен улам шаркетке мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары качкындардын негизги агымы келип жаткан Греция менен Италияга жардам көрсөтүү максатында эки жылдын ичинде 160 миң мигрантты өз ара бөлүшүп алууну сүйлөшкөн. Квота боюнча Венгрияга 1294 адам бөлүнмөк.

XS
SM
MD
LG