Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:15

Бабанов кадр маселесине так болууга чакырды


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

РАЖ фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов министрлер кабинетинин жаңы курамын сунуштап жаткан өкмөт башчыдан кадр маселесин коалицияга баш ийбей, өзү көзөмөлгө алып, өзү кароосун сунуш кылды. Бабанов алты ай мурун Транспорт министрлигине келген Айдаров бүгүн коррупционер деп шектелип жатканын мисал келтирди:

-Мына жазында апкелген Замирбек Айдаров эмне болду? Антикоррупциялык кызмат аны “коррупционер” деп айыптап жатат, демек, алты айда коррупция менен иштеген. Сооронбай Шарипович, оппозициянын да сөзүн угуп койсоңуз боло.

Жогорку Кеңеш ушул тапта өкмөттүн жаңы курамы жана программасын талкуулап жатат.

Сунуш кылынган курамда өкмөттүн структурасы өзгөргөн эмес, бир вице-премьер-министр, алты министр алмашып, калгандары ордунда калган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG