Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:35

Абактагы оппозициячылар жалпы элдик курултай өткөрүүгө чакырды


Оппозицияны колдоочулардын пикети.
Оппозицияны колдоочулардын пикети.

Мындай сунуш жазылган кайрылууга камакта отурган оппозициячылар Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Дастан Сарыгулов 3-ноябрда кол койгон. Кат Кыргызстандагы бардык коомдук уюмдарга, жаштар кыймылдарына, жарандык коомго, саясий партияларга жана патриотторго жолдонуп, өлкөдө саясий күчтөрдүн тиреши азыркы нукта улана берсе, анын акыры жакшылык менен бүтпөй турганы белгиленген. Андан чыгуу үчүн жалпы улуттук курултайга чогулуп, абалды талкуулоого чакырык ташталган.

“Башка мамлекеттердин эксперттери, жергиликтүү саясатчылар да Кыргызстанда мындай тирештен улам мамлекеттүүлүк жоголушу ыктымал деген божомолдорду айтып жатканы" жазылган. Оппозициячылар Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Дастан Сарыгулов, Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев, Тойгонбек Калматовду бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып менен быйыл май айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы кармаган. Алардын ишин Бишкектин Биринчи Май райондук соту жабык териштирүүдө. (NT)

XS
SM
MD
LG