Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:05

Исаев: президент Конституцияны одоно бузуп жатат


Канатбек Исаев.
Канатбек Исаев.

Бул тууралуу “Кыргызстан” фракциясынан депутат Канатбек Исаев 9-ноябрда парламентте билдирди. Анын айтуусунда, президент Алмазбек Атамбаев иш жүзүндө КСДП партиясына төрага болуп, аталган партиянын өкүлдөрүн маанилүү кызматтарга дайындоо менен мыйзамды одоно бузууда. Канатбек Исаев Социал-демократтар партиясына мүчө болгондор өлкөнү башкарып, жетекчи орундарда отурганын белгилеп, президент Конституциянын кепилдиги болбой калды деп сындады. Ал КСДП фракциясынан депутат Жанар Акаевдин парламентке келишине колдоо көрсөткөнүн ачык айтып алганы президенттин калпыс саясат жүргүзүп жатканын айгинеледи деген ойдо:

- Конституциянын кепилдиги президент деп айтабыз. Ал өзү бузуп жатса кантип кепил болот? Баш мыйзамдын 63-беренесинин 3-пунктунда президент өз ыйгарым укуктарын ишке ашырган мезгилде, саясий партияга мүчө болуусун, саясий партиялардын иштерине байланышкан кандай гана аракеттерди болбосун токтотору так жазылып турат. Мамлекет башчы бул беренелерди аткарып жатабы? Албетте, жок! Эгер президент бардык партияларга тең караса, маанилүү орундарды социал-демократтар же өзүнүн тегерегиндеги адамдар ээлеп отурат беле, - деп айтты Канат Исаев.

Анын ырасташынча, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Бишкек мэри Албек Ибраимов, президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов жана тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков баштаган аткаминерлер президенттин жакын адамдары. Ошондой эле өкмөттүн жаңы курамындагы 22 министрлик менен мекемелердин башчыларынын 18и социал-демократтар, төртөө гана башка партия өкүлдөрү. Президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаев буга өлкө башчы адистерди тандоого укуктуу деген таризде жооп кайтарып, кайра Исаевдин сынына кабылды. (NT)

XS
SM
MD
LG