Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:55

Президент Атамбаев мөөнөтү бүткөндө бийликтен кетет


Иса Өмүркулов.
Иса Өмүркулов.

Мындай пикирин социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов “Кыргызстанда да АКШдагыдай тынч бийлик алмаштыруу болобу?” деген суроого жооп берип жатып билдирди.

Анын сөзү боюнча, Алмазбек Атамбаев бир нече жолу президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин бийликтен кетерин айткан:

-Ал бийликти тынч өткөрүп берүүнү каалайт. Мында КСДП активдүү катышат. Жакында боло турган референдум буга көмөктөшөт деп ойлойм. Сунушталып жаткан Баш мыйзамда аткаруу бийлиги бекемделет, бирок, президенттик мөөнөттү узартуу туралуу эч кандай сөз жок. Ошондуктан, президент бийликке жабышып алат деп чочулоого негиз жок.

Президент Алмазбек Атамбаев 2011-жылы шайланган. Учурдагы Башмыйзам боюнча мамлекет башчысы алты жылдык мөөнөткө бир жолу гана шайланат.(AKu/ZKo)

XS
SM
MD
LG