Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:55

Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин эстелиги Бишкектеги Эмен багында тургузулду. Эстеликтин ачылыш аземине өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков баштаган бийлик өкүлдөрү жана Усубалиевдин жакындары катышты.

Буга чейин анын "Ала-Арча" көрүстөнүндөгү бейитине да эстелик тургузулган.

Турдакун Усубалиев 70 жыл бою мамлекеттик жана партиялык чоң кызматтарды аркалаган. Совет доорунда чейрек кылым Кыргызстан Коммунисттик партиясынын биринчи катчысы болуп иштеп, республиканы башкарган.

Өткөн жылы 95 жаш курагында дүйнө салган.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG